КООМ

Азырынча карантин жана чектөөлөр киргизилбейт

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Андан кийин өлкө башчысы сөз сүйлөп, азырынча коронавируска байланыштуу кандайдыр бир чектөөлөр киргизилбей турганын айтты.

“Тилекке каршы, өзгөчө абал алынгандан бери илдетти жугузгандардын саны көбөйүп жатат. Буга чейин жетишкен натыйжалар жокко чыгуу коркунучуна туш болду. Айрыкча, Бишкек шаарында ооруну жугузгандардын саны көбөйдү. Буга медициналык талаптардын сакталбаганы негизги себеп болууда. Бул илдеттин коркунучу олуттуу экенине көптөгөн жарандарыбыз дагы эле маани бербей жатат. Мен кайталап эскертейин – бул оорунун коркунучу азыр да сакталууда. Бирок чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз”, — деди Жээнбеков.