САЯСАТ

Жээнбеков: Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам

Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков

Президент. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, КР Жогорку Кеңешинин жыйынында Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты. Ал пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Өлкө башчысы парламенттик шайлоодо бардык партияларга бирдей шарт түзүлө турганын билдирди.

«Бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөт. Эл арасында «тигил же бул партия Президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен», — деген сөздөрдү угуп жатам.
Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам.
Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушум мүмкүн. Бирок, Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок. Менин тирегим — эл. Кайсы бир партияга эмес, элиме таянам. Бир Кудайга, анан элиме ишенем», — деди Жээнбеков.