КООМ

Жалал-Абад: Энергетиктер кыш камын күчтөнтүшүүдө

“ Жалал-Абадлектро” акционердик коому кышка карата камылганы кызуу улантып жаткан кези. Мында эң башкысы эскилиги жеткен мамычаларды жаңылоону колго алышты. Ачыгын айтканда, бир кылымга жакын кызматын көрсөткөн эски,жыгач мамычалар көп. Алыскы айыл жергесинде ошондой абал дегенибиз менен,элдүү пункттарда, шаар жеринде да кездешет. Бул ишканадагы дагы бир утуш өздөрүндө бетон мамычаларды чыгаруучу цехти иштете алганында. Аталган цехте алгачкы мамычалар даярдык сабына коюлуп, мурдатан келе жаткан чоң көйгөй чечилди. Кардардын да капчыгына ылайык келген мамычалар чыгарылып, тиешелүү жерлерге коюлуп жатат.

“Жалал-Абадэлектро” ААКнын басма сөз катчысы Жыпариза Уметаливанын берген маалыматына караганда “жыл башынан бери 150 даана мамыча жаңысына алмаштырылды. Трансформаторлор оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, майлары алмаштырылып жатат.Андан сырткары изоляторлор жаңыланып, аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо иштери да жүрүүдө. Жалал-Абад шаарындагы Жеңижок көчөсүндөгү өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары курулган, азыркы кезде эскилиги жетип, колдонууга мүмкүн болбой калган 16 даана мамыча бетон мамыча менен алмаштырылды. Азыркы күндө Сузак районунун Кайрагач айылында, шаардын Железнодорожная, Пограничная көчөлөрүндө жүрүп жатат.”-деп, маалымдайт.

Белгилей кетели, мамычалар алмашылган,
трансформаторлор ондолуп, же жаңысы орнотулган,дагы ушул сыяктуу ремонт иштери жүрүп жаткан аймактарда убактылуу электр энергиялары сөзсүз өчүрүлөт. Мына ушундай жагдайды, туура эмес түшүнгөндөр чыгат. Эгер азыркы ысык күндөрү даярдык мыктылап,сапаттуу жүргөн болсо, кыш келгенде электр энергиясы өчпөй, ишкана үчүн да, электр энергиясын колдонуучулар үчүн да утук болорун эстен чыгарбайлы. Калайык муну жакшы түшүнүүлөрү абзел.