КООМ

Марттан баштап пневмониядан 54 киши өлдү

Сабиржан Абдикаримов

Сабиржан Абдикаримов

Кыргызстанда март айынан бүгүнкү күнгө чейин пневмониядан 54 киши каза болду. Бул тууралуу Саламттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда айтты.

Бүгүнкү күндө пневмония менен күрөшүү үчүн Бишкек шаарында 761 койко-орун даярдалган:

Улуттук фтизиатрия борборунун базасында – 38

Темир жол ооруканасы – 40

Улуттук хирургия борбору – 13

Улуттук госпиталь – 270

Курортология институту – 120

№1 Шаардык клиникалык ооруканасы – 80

«Ганси» обсерватору – 200