КООМ

Ноокенде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жыйын өттү

Ноокен райондук администрациясында аталган райондун айымдарынын катышуусунда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жыйын өттү. Райондук администрациянын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук Аялдар кеңешинин, айыл аймактардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан жыйындын өзөгүн коомчулуктун көңүлүн буруп жаткан Сузак жергесинде болгон зомбулукка байланышкан окуя түздү.

Кыргыздын салтында, же менталитетинде кездешпеген зомбулуктун түрүн жасаган эркекке болгон көз караштар, Мыйзамдардын иштебегендиги, акыркы кездери зомбулуктун түрү өсүп жаткандыгы, мунун бардыгы социалдык маселеге барып такалары, жетишпестиктер,жумуш ордунун жоктугу, бири-бирин түшүнбөстүгүнөн келип чыгаарын белгилешти.

Ушул багытта Кыргызстан демократиялык аялдар түйүнү КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту кыскартуу багытында атайын долбоорду баштады. Пилоттук аймактардын катарына областтын Сузак жана Ноокен райондорун тандап алышкан. Ал долбоорго бул райондон төрт айыл аймагы тартылган. Эми атайын адистер тарабынан ар бир айыл аймактагы активист кыз-келиндер окутула баштайт. Кыйынчылыкка кептелген кыз-келиндерге психологиялык жактан жардам көрсөтүү, аларды колдоо, укугун үйрөтүү багытында сабактар өтүлөт. Негизи долбоор кандай максатты көздөйт жана анын багыттары кандай, бул боюнча аталган уюмдун областтагы координатору Мая Багышева кеңири маалымат берди.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Нарбаев зомбулукка байланышкан кылмыштар тууралуу баяндады. Анын айтуусуна караганда райондо 27 факты катталган. Өткөн жылы балдарга бир зомбулук көрсөтүлсө, быйылкы жылдын башынан бери бир факты катталган. Негизи коомдук тартип сакчылары эл арасында болуп, тушүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз алып барышат.Үй-бүлөдөгү майда-барат маселелерди жеринен чечкенге аракет жасашат.

Райондун аймагында ар кандай зомбулукка жол бербеш үчүн коомдук уюмдардын актмивдүүлүгүн көтөрүү, көчө комтеттери, аксакалдар, Аялдар, Жаштар кеңештери биримдик,ынтымак менен иш алып баруулары зарыл деп айтышты. Жер-жерлерден келген Аксакалдар сотторунун , Аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, дин адамдары зомбулукту токтотуунун жолдорун айтып, улуулук насаат кептерин ортого салышты.