САЯСАТ

“Улуу-Журт” саясий партиясынын төрагасы Аргынбек Малабаев COVID-19 боюнча билдирүү таратты

Аргынбек Малабаев

Аргынбек Малабаев

Дүйнө жүзүн коркунучка салган коронавирус оорусу Кыргызстанды четтеп өткөн жок. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өз убагында реакция кылып, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимин киргизип, оорунун жайылуусунун алдын ала алдык.

Анткен менен акыркы күндөрү ооругандардын саны көбөйүп кетти. 24-июнга карата COVID-19 оорусунан каза болгондордун саны 42, оору жуктургандар 3726га жетти, алардын ичинен 240 медицина кызматкери ооруп жатат.

Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен “Улуу-Журт” саясий партиясы кайрадан өзгөчө абал киргизүүнү өкмөткө сунуштайт. Бирок, өлкөнүн экономикалык абалын эске алып, күнүмдүк иштерде иштеп үй-бүлөсүн баккан калктын аярлуу катмарына тоскоолдук жаратпоо керек. Кафе-ресторандардын, тамактануучу жайлардын, эл көп чогулган эс алуучу жайлардын ишмердигин токтотуу зарыл.