САЯСАТ

Президентти Москвага коштоп барган эки кишиден коронавирус аныкталды

Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында

Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында

Алгоритмге ылайык, Президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен КОВИДге тест тапшырышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Мындан аркы алгоритмге ылайык, Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды.