КООМ

Жаш өспүрүмдөргө кам көрүүнү унутпайбыз


1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Лейлек РИИБнин өздүк курамы район аймагындагы жаш балдарды куттуктады. Элдин эң аярлуу катмары болгон, жардамга муктаж жаш өспүрүмдөрүн жашаган үйлөрүнө барып, азык-түлүк жана акчалай жардам берип, аларга бактылуу балалык каалады. Мындай саамалык жыл сайын өткөрүлүп, балдарды колдоо, аларга кам көрүү милициялар тарабынан көңүл сыртында калбайт.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы