КООМ

Ала-Бука районунда өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштер жүргүзүлүүдө

2020-жылдын 1-июнь күнү КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Ала-Бука району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрт кырсыгынын алдын алууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө.

Ала-Бука районунун аймагындагы соода түйүндөрүнүн сатуучуларына жана автоунааларга май куюуучу жайлардын кызматкерлерине өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо жана коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.