КООМ

Талас облусунан эки окуучу өлкө башчысынын белегине ээ болду

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, коомдук биринчи каналдын “Мээрим” программасынын катышуучулары: Бакай-Ата районунун, Кең – Арал айылынын 15 жаштагы тургуну Жолдошбек Сейталиев жана Талас районунун Манас айылынын 13 жаштагы тургуну Арлен Шаршенбеков Кыргыз Республикасынын Президентинен ноутбук белекке алды.
Өлкө башчысынын атайын белегин Кыргыз Республикасынын Өкмөттүнүн Талас облусундагы облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев тапшырды.
Мындан тышкары “Бакубат Талас” байгерчилик фондунун өспүрүмдөр арасындагы сүрөт боюнча сынагынын жыйынтыгы чыгарылып жеңүүчүлөргө смартфон баш болгон жетимиштен ашуун баалуу белектер ыйгарылды.