КООМ

Бишкекте жоголгон 4 жаштагы Алим эки сааттан кийин табылды

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө эгиздин түгөйү 4 жаштагы Алим жоголуп кеткендиги тууралуу журналист Назира Ахмедова жазып чыккан.
Маалыматта, бала Спорт ордосунун жанынан жоголуп кеткени айтылган. Арадан эки саат өткөндөн кийин Алим Филармониянын жанынан аман-эсен табылганы маалым болду.