КООМ

Ала-Букада ата-энелерге эскертүү берилди

Ала-Бука РИИБи тарабынан өспүрүмдөрдүн жазгы эс алууларына байланыштуу бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция район аймагында айылдарды аралап, ата-энелер менен жолугушуп, өз балдарын, айрыкча мектеп бүтүрүүчүлөрүн катуу көзөмөлгө алып туруусун эскертишти. Себеби бүтүрүчүлөрдүн топтошуп алып жаратылышта эс алууларына, автоунаалар менен шаар кыдыруусуна, ар түрдүү майрамдык кечелерди өткөрүүсүнө тыюу салына тургандыгы жеткирилди. Ошондой эле спорттук оюндар үчүн балдардын чогулуусуна дагы жол берилбеси айтылды.

Мындан сырткары жазгы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында чоң каналдардын бойлоруна, шар аккан суулардын жээктерине, кооптуу участокторго эскертүү тактайчалар орнотулду.