САЯСАТ

Исхак Масалиев мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырат. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 21-майдагы жыйында билдирди.

«Бизде парламенттик президенттик башкаруу, бирок парламент бийликти колго ала албады. Мен төрт жолу депутат болуп шайландым, бирок депутаттардын дарегине карата мынчалык катуу сын айтылган эмес», — деди Масалиев.

Ал кийинки шайлоого баруу ниети жок экенин билдирип, шайлоочуларынан кечирим сурады.