САЯСАТ

Куюп койгондой окшош экен. Алтынбек Сулайманов менен Кайраттын окшоштугу талкууда

Апрель айынын аяк ченинде социалдык түйүндөрдө өзүнүн билими менен коомчулукту таң калтырган Кайрат аттуу селсаяктын видеосу тараган.
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев ага документтерин даярдоого жардам бере турганын билдирген. Коомчулук да кайдыгер карабай, Кайратка жардам беришкен. Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн Фейсбук баракчасына «Биз баарыбыз окшошпуз», — деген пост менен экөөнүн сүрөтүн жүктөдү. Эл өкүлүнүн бул билдирүүсүнө социалдык түйүндүн колдонуучулары «Чындыгында окшош экенсиздер», «Эми окшош болуп жардам берип коюңуз», — деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырышууда.