САЯСАТ

Сариев 15 мегагерцти 25 млн долларга сатып бюджетке түшүрсө, Абылгазиев 200 мегагерцти 700 сомго соодалаптыр…

Бизде Прпмьер-министрлердин кетиши бир укмуш. Эртең ал кишини “абаны бекер сатканы үчүн кетти” деп айтабызбы?!Темир Сариев кезинде 15 мегагерцти үчкө бөлүп туруп, 25 млн долларга сатып акчаны бюджетке түшүрсө, булар 200 мегагерцти 700 эле сомго соодалаптыр…Эми санап көрсөк, 15 мегагерц 25 млн. $га кетсе, 200 мегагерц канчага сатылыш керек эле? Бери жагы 300 млн $ да!!!Ооба, Дастан Догоев ачык эле бул мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет деп Өкмөткө күйүгүп жазган экен, каралбаптыр…Бекеринен бул иш боюнча төрт чиновник түрмөгө отурган жок. Бүгүн премьердин аппарат башчысы Кылжыев да арыз жазыптыр деп уктук…Иш көмкөргөн казанды чалкасынан салгандай ачыкка чыкпаса болбойт! Анда бийликке ишеним толук өлөт! – деп жазды журналист Тынчтык Алтымышев Фейсбук баракчасына.


PS: Жогорудагы чуулгандуу иш боюнча ар-кандай маалыматтар айтылып келген. Акыркы күндөрү бул коррупциялык схема ачыкка чыгып, коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Ал тургай бул ишке тиешеси бар делген өкмөттүн аппаратындагы айрым кызматкерлер УКМКнын кайырмагына илингени боюнча узун сабак кептер айтыла баштады. Депутат Жанар Акаев дагы бул маселени кабыргасынан коюп, чуулгандуу мамлекеттик коррупцияны ачыктады. Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алып, өлкөдөгү коррупцияга каршы багытталган чаралар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматын укту. Жөн эле маалымат угуп, иштеп жаткан сыяктуу түр көрсөтүүдөн майнап чыкпайт. Коррупцияны издебей, табылган коррупциянын аягына чыкпайлыбы? Андыктан, бул жолугушуу куру сөз бойдон калбашы үчүн, президент жогорудагы факты боюнча жана коомчулуктун бүйүрүн кызыткан жалпыга маалым болгон коррупциялык иштерди ачууда катуу турушу абзел. Антпесе абал чатак… “Оорууну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” демекчи, кыңыр иштер кырк күнгө жетпей эле билинип жатпайбы?