САЯСАТ

Нарындын вице-мэри кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда коронавирус жуктуруп алды

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«18-майда, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Нарын шаарынын биринчи вице-мэри COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталып, изоляцияга дарыланууга жаткырылды. Буга байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилиги жана кызматкерлери аралыкта иштерин улантышууда», — деп билдирет Нарын шаарынын мэриясы.

Мэриядан белгилешкендей, биринчи-вице-мэр менен байланышта болгондордун баары аныкталып, алардан анализ алынды.

Булак: informator.kg