КООМ

Баткенде биринчи жолу онлайн концерт өтөт

Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры Энелер күнүнө арнап, бүгүн 18 — май саат 16:00 дө онлайн концерт тартуулайт. Бул боюнча театрдын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков билдирди.

Көрүүчүлөр концертти аралыктан отуруп көрсө болот. Анүчүн театрдын фейсбуктагы Баткен драм, инстаграмдагы batken_dram_teatr, ютубдагы Баткен театры жана Салам медиа ютуб каналынан түз эфирде көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Концерт албетте өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу онлайн форматта, залда көрүүчүлөр жок, аралыктан өтөт. Андыктан баардык көрүүчүлөрдү жогоруда аталган интернет баракчалары аркылуу түз эфирден күбө болууга чакырабыз.