КООМ

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев брифинг учурунда ыкчам кырдаал тууралуу маалымат берди

Бүгүн брифинг учурунда Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бир сутка аралыгында болуп өткөн борбор калаадагы ыкчам кырдаал тууралуу маалымат берди. Анда эң маанилүү темалардын бири коронавирусга каршы аракеттенүү иштери жана инфекцияны андан ары таратууга жол бербөө үчүн көрүлүп жаткан жаткан иш чаралар жөнүндө айтылды. Ал өз сөзүндө белгилегендей,- инфекцияны таратпоо максатындагы эң башкы маселелердин бири бул жугуштуу ооруну алдын алуу, айрыкча коомдук жерлерде дыкаат көзөмөл жүргүзүү ошону менен бирге эле комплекстүү иш чаралар аткарылып жаткандыгын белгиледи.

Брифингтин учурунда Алмазбек Орозалиев коомчулукта курч талкууга алынып жаткан маселелерди дароо баса белгилеп кетти. Коменданттын айтымында эгерде коммуналдык тейлөө жаатында жана андан сырткары бара турган жерлер боюбнча маселелерде кыйынчылыктар жаралып жатса, жөн гана маршрут баракчасына жакынкы бара турган жайыңыздын дарегин толтуруп барып келсеңиз болот. Ошону менен бирге эле Бишкек шаарынын коменданты өзгөчө кырдаал учурунда жана комендаттык саатта жарандарды улгайган ата-энелерди жалгыз калтырбоого чакырды, себеби дал ушул категориядагы адамдар коронавирус илдетине бат чалдыгышы ыктымал. Андан сырткары, ар түрдүү кызматта эмгектенген жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында электрондук турдө бериле турган пропусктарды даярдоо үстүндө иш алып барып жатабыз жана аны жакынкы аралыкта чечебиз”, — деп белигиледи Орозалиев.

Коменданттык саат жарыялангандыгына карабай, коюлган талаптарга баш ийбей көчөдө жүргөн 119 адам, анын ичинде 104 эркек, 15 аял, алардынын ичинен чет өлкөдөн келген жаран- 5; РИИБлерге жеткирилген, жана 67 протокол түзүлдү. Бардык патрулдук милиция кызматкерлери күчөтүү режиминде эмгектенишип, учурда келип чыккан ар кандай кырдаалдарда жергиликтүү калкка сый мамиледе жардам көрсөтүшүүдө. Анын менен бирге, иштин жүрүшүндө жарандарга өздук гигиенаны сактоо керек экендигин эскертип жатышат. Борбор калаанын жарандарына эскертебиз жана суранабыз, карантин маалында милдеттүү түрдө санитардык-гигиеналык нормаларды сактап, колду бат-баттан жууп, көчөгө чыкпагыла. Үч маселе менен гана көчөгө чыгууга уруксат берилген – дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага. Биз Сиздерден суранарыбыз өзгөчө кырдаалдын талаптарын кыйшаюсуз аткарууну өтүнөмүн деди, сөзөн жыйынтыктап жатып Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Бишкек шаарынын комендатурасынын
Басма сөз борбору