КООМ

Жеңиш Молдокматовдун кыргыз элине кайрылуусу

Урматтуу кыргызстандыктар!

Учурдагы түзүлгөн татаал кырдаалга байланыштуу биздин миңдеген мекендештер чет өлкөлөрдөн келе албай жатышат. Алардын көбү иши жок, жашоого каражаты, турак жайы жана тамак-ашы жок калышты.
Биз жалпы күч-аракет менен биздин мекендештерге жардам бергенге аракет кылуудабыз.
Кыргызстандыктардын бир бөлүгүн Түркиядан тийиштүү кызматтар менен биргеликте алып чыгууга мүмкүн болду. Алар обсервациядан ийгиликтүү өтүштү жана үйлөрүнө карантинге жаткырылды.
Бирок, жетишпей жатабыз жана чет өлкөлөрдөгү БАРДЫК мекендештерге жардам берүүгө каражат жетишпей жатат.
Биздин чет мамлекеттерде жашаган жана иштеген бардык журтташтарды «Мекендештер мекендештерге» кыймылыбызга кошулууга чакырабыз.

Сиздер кайда болсоңуздар дагы сыртта жардамга муктаж болгон мекендештерге колдон келген колдооңуздарды көрсөтүүнү өтүнөбүз.
Жардамдын бардык түрү, маалыматтык, техникалык, турак жай, азык-түлүк, жумуш ж.б. колдоолордун бардыгы абдан зарыл болуп турат!

Элибиз үчүн ушундай оор күндөрү биз жалпы баш кошууга, сөз менен эмес, иш жүзүндө чет өлкөлөрдө калган биртуугандарыбызга жардам берүүгө чакырабыз!

Биз үчүн ар бир жаран кымбат жана анын тагдыры маанилүү.

Башаты болсун деп, 100 000 сомду бөлдүк. Дагы бөлөбүз.

Терең урматым менен, Жениш Молдокматов

WhatsApp группа: МЕКЕНДЕШТЕРГЕ ЖАРДАМ Эсептердн номерлери: KGS 118 0000 1451 933 45
USD 118 0000 1451 934 46
EUR 118 0000 1451 935 47
RUB 118 0000 1451 936 48
ЭлСом. 0509 710 006
Атайын эсепке түшкөн бардык каражаттар ачык көргөзүлүп, кайсы мамлекет болбосун жардамга муктаж жарандарыбызга, диаспораларга, фонддорго которулуп турат.

+996 705 06 55 77 Эрлан Бекчоро уулу