КООМ

Сот Даниел Ажиевди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды

Интернетте сөгүнүп сүйлөгөн Даниел Ажиев 2 айга камакка алынды.

Бүгүн, 28-мартта Биринчи май райондук сотунун судьясы ушундай чечим кабыл алды.

Д. Ажиевге 313-берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Анын күнөөсү далилденсе, 7,6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, ал 7 облустагы жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө жардам көргөзүп жаткан. Анын мындай аракетине терс пикир жазгандар көбөйгөнү үчүн ал сөгүнүп сүйлөгөн болчу.