САЯСАТ

Төрөбаев ундун таңкыстыгына контрабандисттерди күнөөлөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду. Эл өкүлү ундун жетишсиз болуп жаткандыгына контрабандисттерди күнөөлөгөн.

Бүгүнкү күндө бүт дүйнө, анын ичинде Кыргызстан дагы Covid-19 вирусу менен күрөшүп жатат. Коронавирус пандемиясын жоюуу боюнча Президент, Өкмөт баардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бирок, тилекке каршы айрым аймактарда азык-түлүккө, айрыкча унга болгон талап өсүп жатканын байкап жатабыз.

Мен мурда эмгектенип келген ун тармагынын учурдагы абалы боюнча бир аз айтып берейин. Азыркы кезде ундун кымбатташына жана деффицит (таңкыстыгына) болуп жатышына контрабандисттер күнөөлүү. Анткени, алар эч качан мамлекетти, элди ойлогон эмес. Контрабандисттер учурда ундарын складдарда бектишип, базардагы контейнрлерин жаап, элге сатпай жатышы мүмкүн деген күмөн саноолор жок эмес. Бүгүнкү күндө да мамлекеттик органда иштегендердин арасында контрабандисттерди колдогондор бар.

Көп учурларда жеке ишкерлер, мүмкүнчүлүгү бар, кайрымдуу инсандар ундарды алып, өздөрүнүн аймактарына, элине таратууга аракет кылышууда. Аларга терең ыраазычылык билдиришибиз керек.

Бүгүндөн баштап, биз өзүбүз дистанттык штаб ачып, азык-түлүк коопсуздугу багытында бүт азыктар болбосо да, өзгөчө ун өндүрүүчү завод-фабрикалардын жетекчилери менен сүйлөшүп, сиздер жашаган аймактарга ун жеткирип бергенге аракет жасайбыз.

Андыктан, ундун баасы контарабандисттердин саткан баасынан төмөн болот жана жеткирип берилет.

Бул боюнча толук маалымат алуу үчүн «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын аймактардагы өкүлдөрү менен байланышсаңыздар болот.