КООМ

Коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткандар кармалды

2020-жылдын 26-мартында КР УКМК ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында жалган маалыматты тараткан жарандарды аныкташты.
Г.Мурзакаримова Баткен областындагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан.
Ал эми Э.Жумагулов соцтармактар аркылуу Кочкор районундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып кое берүүдө деген маалыматты тараткан.
Профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.
Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.