КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Депутат Абжалиевди сөккөн балага кылмыш иши козголду

Акыркы убактарда социалдык тармактарда жана ЖМКда жарандын кемсинткен билдирүүсү талкууланып, бир катар нараазычылыктарды жараткан. Ал жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги билдирет, 2020-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталды.
ИИМдин Басма сөз кызматы