КООМ

Чүй облусунда милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан азыркы учурда жайылып жаткан коронавирус илдетин алдын алуу максатында, Чүй облусунун аймагындагы айылдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
2020-жылдын 23-мартында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан азыркы учурда жайылып жаткан коронавирус илдетин алдын алуу максатында, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка жана Октябрь айылдык милициянын бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлерине коомдук тартипти көзөмөлгө алуу менен калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн тескемелер өткөрүлүп, кызматкерлер бет каптар менен камсыз кылынып, иш-чараларды өткөрүү боюнча нускамалар жана көрсөтмөлөр берилди.
Аламүдүн РИИБнин Маевка жана Октябрь Айылдык милиция бөлүмчөлөрүндө жалпысынан 21-маршурут тилкеси түзүлүп 43 кызматкерлер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана коомдук активисттер менен биргеликте Маевка, Пригородный, Нижний-Аларача, Степной, Озерный, Октябрь, Виноградный, Васильевка, Бирлик, Гроздь жана Константиновка айылдарын көчөмө көчө кыдырып жогоруда аталган айылдардын тургундарына коронавирус илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Ошондой эле ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабына Милициянын көчмө кабылдамасынын автоунаасы менен ушул аталган айылдардын жана Бишкек шаарынын аймактарында үндү катуу чыгаруучу байланыш менен өлкөбүздүн аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигин жана өзгөчө кырдаалдын шартарын ар бир жаран толук аткаруу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Ушундай эле иш-чаралар ИИМдин кызматкерлери тарабынан республиканын башка аймактарында Милициянын көчмө кабылдамасы бар район жана шаарларда дагы жүргүзүлүп жатат.
Белгилей кетчүү нерсе республиканын аймагында бардыгы болуп 30 Милициянын көчмө кабылдамасы бар.
ИИМдин Басма сөз кызматы