КООМ

Баткенде кафе-ресторандардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен облус аймагында эпидемиялык абалга карата милиция кызматкерлери маршруттук топторго бөлүнүп алып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Короновирус илдетин алдын алуу жана аны жайылтпоо максатында көчөдө жүргөн элдерге, айтылган талаптарга баш ийбей иштеп жаткан кафе-ресторандарга, дүкөн ээлерине жарандардын коопсуздугун алдын алуу, айтылган талаптарга баш ийүү керектигин баса белгилеп, алардын иш-аракеттерин убактылуу токтотуу зарыл экендигин түшүндүрүп жатышат.
Өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал учурунда ар бир жаран тазалыктын эрежелерин туура сактап, коопсуздук чаралардын алдын алып жоопкерчиликтүү мамиле жасоо милдетибиз экенин баса белгиленүүдө.
Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кызматтык унаалар менен атайын үн чыгаруучу каражаттар аркылуу ар бир айыл-көчөлөрдө элдерге үйдөн чыкпоосун суранып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу жарандар, ар бириңиздер учурдагы талапка жоопкерчиликтүү мамиле жасап,жаш балдарды көчөгө таштабай көзөмөлгө алсаңыздар!
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы