КООМ

Нарын ОИИБдин кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатат

Нарын облусунда коронавирустук илдети боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана алдын алуу иштерин аткаруу максатында Нарын облусунун территориясына кирүүчү жолдорго санитардык-карантиндик посттору уюштурулуп бүгүнкү күндө иштер жүргүзүлүп жатат.
Ар бир посттко Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери күнү-түнү кезметке райондук мамлекеттик администрациясынын, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана медициналык кызматкерлер менен биргеликте өткөрүү пункттарында коронавирус илдетинин кирүүсүнө жана жайылуусунун болтурбоо үчүн коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барышууда.
Нарын ОИИБнин тарабынан Нарын облусунун тургундарына жана меймандарына Кыргыз Республикасынын аймагына «ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ» режими киргизилгендигине байланыштуу Нарын облусунун аймагына жарандардын жана автоунаалардын кирүүсүнө жана чыгуусуна чектөөлөр коюлду. Ал эми облустун аймагынан кирип чыгууга зарыл болгон учурларда гана уруксат берилип жатат. Мисалы: азык-түлүк товарларын жана дары-дармек каражаттарын алып келүүдө, туугандарынын каза болуу учурларында уруксат берилет жана жарандардын жанында өздүгүн тастыктаган документтер болуусу шарт. Өзгөчө кырдаалдын шарттарын туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.
Урматтуу Нарын облусунун тургундары, КОРОНАВИРУС илдети дүйнөгө тездик менен тарап, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандардын арасында да бул илдетке чалдыккандар тилекке каршы аныкталып, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп, өзгөчө кооптуу абалды жаратып жаткандыктан, бул илдеттин жайылуусунун алдын алуу максатында өлкөнүн аймагына өзгөчө кырдаал киргизилип, өзгөчө кырдаалдын шарттарына жараша Нарын облусунун аймагында да толук кандуу иштер жүргүзүлүүдө.Ошол себептен сиздерден терең сураныч карантин шарттарын туура аткарып, зарыл жумуш болбосо эшикке чыкпай, үйдө болуунарды, колуңарды бат-баттан жууп, өздүк гигиенанын эрежелерин туура сактап өзгөчө кырдаалдардын шарттарына жараша кээ бир чектөөлөрдү туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы