КООМ

Жалал-Абад шаарына кирип чыгууга тыюу салынды

23-мартта түнкү он экиден тарта Жалал-Абад шаарына кирип-чыгуу токтойт. Калаага башка аймактагылар кире албайт жана шаар аймагындагылар сыртка чыга албайт.

«Шаар мэри Мураталы Тагаев шаарда кыймыл көбөйүп кеткенине байланыштуу элдин кирип-чыгуусун бүгүн түндө толук кандуу токтотууну сунуштап, демилгени облустук штаб колдоого алды»,-деп айтылат Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматында.