КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Түрмөгө баңгизат киргизүүгө аракет кылган сержант кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Чүй облусундагы түзөтүүчү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткандардын арасында баңги каражаттарды жана тыюу салынган предметтерди ыргытуу жана андан ары таратуу каналына бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү өткөрүлгөн.
2020-жылдын 21-мартында БМЖКККнын жана ЖАМКтын кызматкерлери тарабынан түзөтүүчү колониянын жанынан ЖАМКтын № 1 Мекемесине (Молдовановка а.) тыюу салынган предметтерди мыйзамсыз киргизип жаткан жеринен аталган мекеменин көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун оператору и/к кенже сержанты жана ЖАМКтын 2-батальонунун иш кагаздарын жүргүзүүчүсү и/к сержанты кармалып, алардан ири өлчөмдөгү «марихуана» баңги каражаты жана спирт куюлган желим бөтөлкөлөр алынган.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын КЖКнын 267- (сатуу максаитын көздөп, баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча КЖБРнын АМТга катталган.
Кармалгандар Бишкек шаарынын ИИББнын УКЖга киргизилип, ушул фактыга тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери улантылууда.

КР ИИМдин БМЖКККнын Басма-сөз кызматы