КООМ

Вирустан коргоном деп ден-соолугуңузга зыян келтирип албаңыз

С витамин ичүү

Изилдөөчүлөрдүн натыйжасында С витамини бар кошулмаларды ичүү COVID-19 вирусун жуктуруп алуудан сактабайт.
Ал эми интернет айдыңындагы сунуштардын негизинде С витаминин нормадан ашкан дозасын ичүү ден-соолугуңузга зыян алып келет.
Бир күндө 2000 мг аскорбин кислотасын ичүү организмге жетиштүү болуп саналат.

Алкоголь ичимдиктерин колдонуу

COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн спирт ичимдиктерин ичүүнү дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштабайт.
«Алкоголь ичимдиктерин ченемдүү гана өлчөмдө ичүү керек. Жөн гана вирусту жуктуруп албоо үчүн ичүү болбойт», — деп уюм Facebook баракчасына жазган.

Аракты антисептик катары колдонуу

Вирустарды жок кылуу үчүн атайын 60% спирт концентрациясы гана жардам берет. Ал эми арак 40% гана. Эгер сизде суу, кол жуучу (самын, ным бет аарчы), антисептик каражаттары жок шартта, дуушар болгондо гана колдонсо болот.

Оозду чайкоо

Интернет булактарында туздуу суу, уксус, сода кошулган суу, спирт кошулмалары менен чайкоо керектиги айтылып келе жатат. Бирок доктурлардын ою боюнча бул жол COVID-19 вирусунан жана башка инфекциялык оорулардан сактабайт.
Спирт же уксус кошулмалары менен чайкоонун натыйжасында ооз көңдөйүн, былжырлуу кабыкты, жумшак таңдайды күйгүзүп албаңыз.

Прополис жана эфир майларын жыттоо

Сиз дагы бул сунушка ишендиңиз беле?
Америкалык азык-түлүк жана дары-дармек жетекчилиги (FDA) сатуучуларына прополис жана эфир майларын жыттоо вирусту жуктуруп албоого жардам берет экенин кат аркылуу жөнөтүшкөн.
Эгер прополис жана ар түрдүү эфир майларын күнүгө колдонсо, вирустун симптомдорун сезбей калуу коркунучу бар. Ал эми жыйынтыгында бир гана өзүнө эмес, коомго да зыянын тийгизип алышы мүмкүн.

Чеснок пайдасы

Чеснок — пайдалуу азык. Бирок коронавирустан коргойт экендиги тастыкталган эмес. Ал эми ашыкча жеп алып азабын тартып калбоо үчүн сак болуңуз. Британиялык ВВС маалымат кызматы бул сунушка Түштүк Кытай Morning Post булагындагы бир аялдын окуясын мисал катары жазган. Ал 1.5 кг чийки чеснок жегенден кийин, ооз көңдөйүн сезгенүүдөн дарылаткан.

Коронавируска каршы дары сатып алуу

Эгер сиз интернет булактарынан дары сатылып жатканын көрүп калсаңыз, сатып алууга шашылбаңыз. Себеби, бул акча таап алуу негизиндеги жеке ишкерлердин же мошенниктердин иши.
Вакцина же «сыйкырдуу таблетка» COVID-19 вирусунан жок.

Даярдаган: Токтонбек кызы Нургулай