КООМ

COVID-19: Өкмөт чет өлкөдө калып кеткен мекендештерди чартредик рейс менен алып келет


Республикалык штаб
Жарандык авиация агенттиги Россия, Дубаи, Делиден учуп кете албай калган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштерди жүргүздү.
Республикалык штаб тарабынан Бишкек жана Ошко чартердик каттамдардын графигин уюштуруу боюнча чечим кабыл алынган, учууларды “Аэрофлот”, “Урал аба каттамдары”, “Fly Dubai” ж.б. ишке ашырат.
Бүгүн кечке чейин дээрлик 12 каттам учуп келет, 22-мартка – 8, 23-мартка 5 же 6 каттам мерчемделди.
“Аталган рейстер менен үч күндө чет өлкөлөрдөн 3000ге жакын КР жаранын алып чыгып кетебиз. Эгерде дагы калып калгандар болсо, биз кошумча каттамдарды уюштурабыз”, — деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.