КООМ

Коронавирус: Караколдо ички каттамдар убактылуу токтотулду

Республикалык штаб
Каракол шаарынындагы коронавирустук инфекциянын пайда болушун жана алдын алуу боюнча штабдын 21.03.2020-ж. карата чыгарган убактылуу чечимдери:

  1. Каракол ш. ичиндеги жана райондор аралык маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулсун;
  2. “Макиш” базарындагы азык-түлүк катарларынан башка бардык базарлар жана соода түйүндөрү жабылсын, көрсөтүлгөн жайларда дезинфекция иштери өткөрүлсүн;
  3. 20 орунга чейинки коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысы 19-00гө чейин кыскартылсын, 20 орундан жогору кафе, ашканалар жабылсын.