КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Коронавирус: Нарын менен Таласта жалган маалымат тараткандар кармалды

ИИМ: НАРЫН ЖАНА ТАЛАС ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Жалган маалыматтарды таратуу боюнча Нарын облусунда 1 факты, Талас облусунда 2 факты катталды.
2020-жылдын 13-март күнү уюлдук телефон аркылуу “WhatsApp” мессенджеринде “Кочкорго коронавирус жуктурган экөө келди” деген видеотасма тарагандыгы маалым болгон. Аталган факты Кочкор районунун ИИБде менен катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп, анда Кочкор районундагы кафелердин биринин жумушчусу дизинфекциялап жаткан санэпидемстанциянын ак халатчан эки кызматкерин көрүп, аны телефонго тартып, Кочкор районунда эки адам короновирус менен ооруп жаткандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды жайылткан. “WhatsApp” мессенджери аркылуу жалган маалыматты тараткандыгы үчүн жаран С.М. кечирим сурады.
2020-жылдын 2-мартында социалдык тармактарда Талас облусунун Манас районундагы Покровка ооруканасына короновирус жуктурган Турция жарандары келип түшкөндүгү жөнүндө жалган маалыматтар тараган. Аталган факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда ооруканага короновирус жуктурган чет өлкөлүк жарандар келип түшкөндүгү тастыкталган жок. Жалган маалыматты тараткан адам Кыргыз Республикасынын жараны, Талас облусунун Манас районунун жашоочусу (аял киши) болуп чыкты.
Ошондой эле, жалган маалымат тараткан дагы бир факты Талас облусунун Бакай Ата районунда катталып, Талас шаарындагы кафелердин биринде иштеген Т.Б. аттуу жаран (аял киши) түрк улутундагы эки адам короновирус менен ооруп жаткандыгы жана абалы оор экендигин айткан жалган маалыматты тараткан. Аталган факты Талас ОИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган. Жогорудагы фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат.
Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз.
Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.
ИИМдин Басма сөз кызматы