КООМ

Президенттин кортежи тез жардам унаасына жол бошотту (видео)

Президент Сооронбай Жээнбеков бараткан кортеж Тез жардам унаасына жол бошотуп берди. Окуя 19-февралда Бишкектин Чыңгыз Айтматов жана Апсамат Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бул көрүнүш жол кыймылынын коопсуздугун жөнгө салып турган инспектордун төш камерасына тартылган. Видеодо байкалгандай Ч.Айтматов көчөсү менен Мамлекеттик күзөт кызматынын жана КР ИИМ ЖКККББ унааларын коштоосунда бараткан кортеж оң тарабындагы А.Масалиев көчөсү менен удаа чыга калган Тез жардам унаасына жол бошотуп берген.