САЯСАТ

«Тилектештик» партиясы Ош шаардык прокуратурасына кайрылды

«Тилектештик» саясий партиясы Ош шаардык прокуратурасына расмий кайрылды. Бул тууралуу партиянын лидери Төлөгөн Келдибаев фейсбук баракчасы аркылуу жазды.

Келдибаев «Тилектештик» партиясы Ош шаардык кеңешине шайлоого катышпай турганын, анткени азыртадан эле мыйзам бузуулар болуп жатканын билдирди.