КООМ

Сузакта өспүрүмдөр катышкан жыйын өттү

Сузакта бүгүн 20-февралда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган атайын жыйын болуп өттү.
Бул иш-чараны ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Жалал-Абад ОИИБнин жана Сузак РИИБнин кызматкерлери Ювеналдык юстициянын балдарды коргоо уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте уюштурушкан. Жыйындын жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна Жалал-Абад ОИИБнин Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жусупов жооп берди. Милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан, баңгизаттардан, спирт ичимдиктеринен жана темеки тартуудан алыс болууга чакырышты. Кылмыштын арты эч качан жакшылыкка алып келбей тургандыгын, жаман иштин арты өкүнүч менен аяктаары камтылган атайын видеоматериал өспүрүмдөргө көрсөтүлдү. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кыргыз желегин желбиретип жүргөн спортчулар, жергиликтүү кеңештин депутаттары да өспүрүмдөргө акыл-насааттарын айтышып, жаштарды терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөштү.