КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Кара-Кулжада мектеп эмнеден улам өрттөнгөнү азырынча белгисиз

Кара-Кулжа районунда 17-февраль күнү 23:50 чамасында Кызыл-Жар айыл аймагынын Коо-Чаты айылында жайгашкан Сагындык атындагы орто мектебинен өрт чыккан.
Өрттүн кесепетинен мектептин болжол менен 500 чарчы метр аянты күйгөн, каза болгон жана жабыркаган адамдар жок.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 1 бөлүм жана авариялык куткаруу унаасы менен 10 куткаруучу тартылган. Жолдун татаалдыгына жана аралык 122 чакырым болгондуктан 2020-жылдын 18-февралынын таңкы саат 07:40 минутада айтылган дарекке жетишкен.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 07:45те чектөөгө алынып, саат 07:55те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.