КООМ

Аксыда чоң масштабдагы жыйын өтүп, көйгөйлүү маселелер талкууга алынды

Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндөгү №5 А.Кабаев орто мектебинде кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында чоң масштабдагы жыйын болуп өттү. Бул иш-чарага Аксы РИИБнин начальниги, райондук администрация башчысынын орун басары, райондун прокурору, билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, 12 айыл өкмөттүн башчылары, 65 мектептин директорлору жана социалдык педагогдору катышышты. Жыйындын жүрүшүндө учурдун орчундуу маселелери талкууга алынып, тармактар аралык иш алып баруу менен көйгөйлөрдү биргеликте чечүү жана кемчилдиктерди жоюу сунуштары берилди.

Жыйындан соң Аксы РИИБнин кызматкерлери ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенип, учурда ардактуу эс алууга чыккан Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушту. Милициянын отставкадагы подполковниги Жолдошбек Кыдыровду жана милициянын капитаны Акпаралы Аспердиевди майрамдары менен куттукташып, акчалай колдоо көрсөтүлдү.