КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Кызыл-Кыя шаарында тоноочулуктун бети ачылды

2020-жылдын 7-январь күнү саат 19.00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Ударник көчөсүнүн 51жаштагы тургуну өзүнө таандык болгон ‘’Матиз 2’’ үлгүсүндөгү унаасы менен келип токтотуп, дарбазасын ачып жаткан учурда, белгисиз үч бала медициналык беткап менен келишип, унаасын арткы терезесин сындырып, кара түстөгү сумкасын жана ичиндеги 460000сом акчасын алып, изин жашырып качып кетишкен.
Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кызыл-Кыя ШИИБнин жана ИИМдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө тоноочулук кылып изин жашырып кеткен атуулдардын экөөсүнүн өздүгү жана алардын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалып келди.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө алардын бирөөсү Талас шаарынын 37жаштагы тургуну мурда он жолу сот жообуна тартылганы, ал эми экинчиси Кадамжай районунун 22жаштагы тургуну 2 жолу сот жообуна тартылганы аныкталды.
Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.