КООМ

Маданият министрлиги Тынар Курбаналиевге эмнеге кысым көрсөтүп жатат?

Белгилүү куудул Тынар Курбаналиев фейсбук баракчасына:
» Урматтуу достор, биздин саясатчылардын туура эмес жумуш жасап жатканын сатира менен элге жеткиргеним туура элеби? Эгерде туура болсо, анда эмнеге мага кысым башталды?», — деп жазган.

«Фабула.кж» сайты куудулдун өзү менен байланышканда, Маданият министрлиги сатираларына чектөө киргизип жатканын айткан.

 Сизди чакырыштыбы?
— Жок, бирок ошондой маалымат таратып жатышыптыр. Бул маалымат тараганына 1-2 ай болуп калды. Мен бошобой жаткам ден-соолукка байланыштуу. Эми бошодум, сүйлөшөйүнчү эмне себептен андай болгонун. Бирок мага министирликтен эч ким айта элек. Ошондой токтом кабыл алынды деп токтомду бирөөлөр сүрөткө тартып интернетке жайгаштырган. Сүрөт менде бар эле өчүп калыптыр…

Урматтуу достор, биздин саясатчылардын туура эмес жумуш жасап жатканын, сатира менен элге жеткиргеним туура элеби? Эгерде туура болсо анда эмнеге мага кысым башталды? Тушунбой калдым.

Опубликовано Тынаром Курбаналиевым Суббота, 15 февраля 2020 г.