САЯСАТ

ИИМ Равшан Жээнбековду камакка алды

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 1,2,3-бөлүмдөрүндө (массалык башаламандыкты уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат. 2019-жылдын 12-декабрь күнү жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелип Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Жээнбеков Равшан Бабырбекович кармалды.

Учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.