КООМ

Айыл чарба министри «алмашты»

Бүгүн, 12-декабрда Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжинин студенттери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Министр Э.Чодуев жана министрликтин тиешелүү адистери менен жолугушту.
Жолугушууда, Министр Э.Чодуев студенттерди өзүнүн кабинетинде кабыл алып, алар менен эркин, суроо-жооп форматында маектешти. Мындан сырткары министрликте жүрүп жаткан ишмердүүлүк, реформалар жана жетишкендиктер тууралуу студенттерге маалымат берди.
Студенттер окууну бүтүп, өз кесиби менен иштеп, Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө салым кошсок деген ой максаттарын билдиришти. Ошондой эле, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары аз экендигин билгенден кийин, бизнесмен болууну кыялданаарын да ачык айтышты.

Студенттерге “Айлык маянага карабай патриот болсоңор, өз кесибиңерди сүйсөңөр, ошондо гана айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошо аласыңар”, — деп жооп берди Министр Э.Чодуев.

Студенттер Министр жана министрликтин адистерине айыл чарба техникаларын лизингге алуу, асыл тукум малдарды сандан-сапатка өткөрүү, балык чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба азык-түлүктөрүн экпорттоонун жол жоболору, өсүмдүктөрдүн үрөнүн жаңылоо жөнүндө суроолорду беришти. Берилген суроолорго тийиштүү адистер тарабынан жеткиликтүү жооптор айтылды.
Министр Эркинбек Чодуев, Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжинин Ветеринария факультетинин 1-курсунун студенти Азаматова Берметке 5 мүнөткө ордун бошотуп берди. Ал 5 мүнөттүк убактысынан пайдаланып тиешелүү адистерге үрөн, балык чарбачылык, айыл чарба товарларын экспорттоо боюнча тапшырмаларды берди. Адистер иштин аткарылышы боюнча официалдуу түрдө жооп бере тургандыгын айтышты.
Министр жолугушуунун соңунда жаштар Кыргызстандын келечеги экендигин билдирип, студенттерге бекем ден-соолук, ийгиликтерди каалады.