САЯСАТ

Баткен ТИКА кызматташтыгы жаңы нукта өнүгөт

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Түрк кызматташуу жана координациялоо боюнча агенттигинин координатору Али Муслу  менен жолукту. Тараптар  Баткен облусу менен ТИКАнын ортосундагы кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктураны чыңдоо жаатында кызматташууну макулдашышты.

Учурда аталган уюм тарабынан Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 76000 АКШ долларына капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүүдө. Ошондой эле билим берүү тармагында санариптештирүү жаатында жаңыланууга көмөктөшүп келишет.

Акрам Мадумаров менен Али Муслу 2020-жылы биргеликте  кеминде, 3 долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүштү.