САЯСАТ

Мадумаров: Өмүрлөрдү сактоо үчүн, өзгөрүүгө баралы

Баткен облусунун аймагындагы тоо кен ишканаларындагы коопсуздук маселелерин караган жыйын  КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун жетекчилиги астында өттү.

Жыйынга район шаар башчылары,  КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, ММК өкулдөрү  катышты.

Жыйында акыркы мезгилде өзгөчө, тоо кен казуу ишканаларында техникалык коопсуздуктардын сакталбагандыгынан улам катталып жаткан, адам өмүрүн алган кырсыктардын чыгуу себептери жана кесепеттерин жоюу маселелери каралды. Кемчиликтерди жоюудагы   Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларына ылайык,   тиешелүү органдар, жеке менчик ишканаларды текшерүү мүмкүнчүлүгү чектелүү  экендигин белгилешти.Ошондуктан маселени чечүү үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендиги белгиленип, сунуштарды даярдоо жана тиешелүү жактарга жолдоо, анын ишке ашуусуна жетишүү  маселелери каралды.  Ошондой эле тоо кен өнөр жай ишканаларында кесиптик адистердин жетишпестиги да негизги маселе экени айтылды. Аны менен катар, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кооптуу жайларда иштөө менен тобокелчиликке барбоо, мыйзамсыз кен казууга жол бербөө жаатында жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында “Ормон” ЖЧК көмүр шахтасында 4 адам газга ууланып каза болсо, 2019-жылы жалпы Баткен облусунда 12 адам көмүр шахтасында каза болгон.

Мындан улам ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров, адам өмүрүн алган кырсыктардын алдын алуу үчүн, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, текшерүүчү органдардын укуктарын кенейтүү жаатында өзгөрүүгө барышыбыз, учур талабы деп белгиледи.  

Жыйында экологиялык коопсуздук, айлана чөйрөну тазалоо, таштандылардан арылуу маселелери да каралып, жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар коюлду.