КООМ

Жыл башынан бери 801 киши жасалма номер менен кармалды

Жасалма номер боюнча жыл башынан бери 801 киши кармалып, айып пул төлөндү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрага орун басары Ыманалы Саркулов Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып айтты.
Анын айтымында, жасалма номер колдонгондорго 10 миң сом айып пул салынат.
«Эгерде, жасалма номер менен жүргөн киши кырсыкка кабылса, тергөөнүн жүрүшүндө чыныгы күнөөлүүлөр кармалып, жазага тартылат», — деди.

Саркулов жарандардан алынган жасалма номерлер жок кылына тургандыгын билдирди.

«Биз жарандардан алган жасалма номерди жок кылабыз. Жасалма номер Кыргызстанда эмес, Россиядан буюртма менен жасалып, бизге алып кирилүүдө», — деди Саркулов.