САЯСАТ

Алимент төлөбөй жүргөндөргө жазаны катаалдантуу боюнча мыйзам коомдук талкууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрөт.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А. Т. Мамашева, А. Т. Алтыбаева, Г. К. Асылбаева, Д. Ш.Исаева, А. Ж. Исмаилова, И. Ю. Карамушкина, А. К. Касымалиева, А. С. Кодуранова, М. Э. Мавлянова, Г. С. Молдобекова, Ж. А. Мусабекова, Н. В. Никитенко, А. Ш. Осмонова, К. Б. Орозова, Гүлнара-Клара Самат , А. Э. Самигуллина, Е. Г. Строкова, Э. Ж. Сурабалдиева, А. А. Аскарова тарабынан демилгеленген.

Парламенттик угууда демилгечилердин атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Айсулуу Мамашева бул мыйзам долбоору боюнча баяндама жасайт.

Мыйзам долбоору жана парламенттик угууга катышуу үчүн төмөнкү телефонго кайрыла аласыздар: Улукбек Бакенов — 0312-639197