САЯСАТ

Жанар Акаев менен Абдывахаб Нурбаев «Таза аба» деген мыйзам сунуштады

Кыргызстанда, өзгөчө ири шаарларда абанын булгануусу олуттуу көйгөйгө айланды. Бул көйгөйдү жоюу жана анын кесепеттеринин алдын алуу боюнча А.Нурбаев, Ж.Акаев баштаган бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга коюлган. 

“Таза аба” демилгесинин шартында сунушталган аталган мыйзам долбоору боюнча 2019-жылдын 12-декабрында саат 9:30да Жогорку Кеңештин имаратында (күн батыш залы, 1-кабат) коомдук угуу өтөт.

Толугу менен бул жактан окуңуз.