КООМ

Жалал-Абад милициясы тарабынан «Селсаяк» рейди өткөрүлүүдө

10-11-декабрь күндөрү Жалал-Абад ШИИБи тарабынан кыш мезгилинде суукка тоңуулардын алдын алуу максатында «Селсаяк» рейди жүргүзүлдү. Анда Жалал-Абад шаарында коомдук жайларда, эс алуучу бактарда, көчөлөрдө таң эртеден кечке чейин ыңгайсыздык жаратып, аракечтикке байланып, үй-бүлөсүз жана кароосуз калгандарды аныктоо иштери уюштурулду. Рейд учурунда жалпысынан 17 адам текшерүүгө алынып, өздүгү такталып, бармак издери алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлдү.  Алардын ичинен 12 жаран райондордон келгендиги белгилүү болуп, туугандары менен милиция кызматкерлери байланышып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал эми 5 атуул шаар тургундары экендиктери такталып, Жалал-Абад мэриясынын алдындагы суук түшкөндө селсаяктар үчүн каралган жылуу жайга жайгаштырылды.

Белгилей кетсек арасында тагдырдын оор сыноосуна туш болуп, аракечтикке алдырып койгон жарандардын ичинде аялдар да бар. Алар бул жолго түшкөндүктөрүнүн себебин жакырчылык жана бала кездеги жаңылыштыктан улам деп айтып кейишти.