КООМ

ЖКККББ: Кыздын төшүн кармап бараткан айдоочу прокуратурада иштебейт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы интернетте тарап кеткен 01/KG 578 ACD номериндеги «Мерседес-Бенц» унаасы колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Маалыматка таянсак, аталган унаа айып короосуна киргизилип, 22 жаштагы айдоочу Н.Т. аттуу жаранга карата 121-берененин 4-бөлүгүнүнө ылайык, протокол түзүлүп, айып пул салынды. Анын колдонуп жүргөн жасалма номери ЖКККББ кызматкерлери тарабынан алынды.

Айдоочунун Мамлекеттик каттоо кызматына да, Прокуратурага да эч кандай тиешеси жок экендиги, бул тармакта иштебегендиги аныкталган.

Тийиштүү материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди.