САЯСАТ

Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизадан өттү

КСДП фракциясынын депутаттары Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизадан  өттү. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Бүгүн Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкина экспертизадан өтүштү. Экспертиза суроо-жооп форматында өтүптүр. Ал эми Алмазбек Атамбаев экспертизадан өтүүдөн баш тартты», — деп айтты Жолдубаева.
Эске салсак, ИИМ КСДПнын 16 мүчөсү соттук-психиатриялык экспертизадан  өтө тургандыгын билдирген.
Ирина Карамушкина өз каалоосу менен өтүүгө даяр экенин айткан болчу.