КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Общактын атынан шайланганбыз. Ишкерге салык салгысы келгендер кармалды

2019-жылдын 6-декабрь күнү Токтогул РИИБне Чүй областынын тургуну 1997-ж.т. М.А. арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 16:30 чамасында Токтогул районунун Жаңы-Жол айылына досу менен көмүр сатып келген учурда, аларга бейтааныш болгон азиат улутундагы 25-30 жаштар чамасындагы балдар өздөрүн Дастан, Адилет жана Эрнист деп тааныштырышып, “Биз Токтогул району боюнча общактын атынан шайланганбыз, ушул жерде көмүр менен иштегендердин бардыгы бизге “отметка” берет, эгерде жолдо жаман бир кырсык болбосун десеңер, анда силер да 10 000 сом төлөп турушуңар керек, эгерде макул болбосоңор, силерди ушул жолдон эле жок кылабыз” — деп коркутушуп акча талап кылышкандыгын билдирген.  

            Бул факт боюнча топтолгон материал Токтогул РИИБнин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен  сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул кылмышкерлерди кармап, жоопко тартуу максатында атайын тергөө тапшырмасы берилген.

           Жалал-Абад ОИИБнин жана Токтогул РИИБнин Криминалдык милиция кызматынын опер өкүлдөрү тарабынан тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары, кылмыштуу чөйрөнү колдоп жүргөн Токтогул районунун тургундары, мурда каракчылык фактысы менен соттолгон 1995-ж.т. Т.Ж. (Адилет), бейбаштык беренеси менен соттолгон 1987-ж.т. Т.С. (Дастан), жана 1986-ж.т. Ы.Э. кармалышып, тиешелүү далил буюмдар алынып, Токтогул РИИБнин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка  киргизилди.  

           Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.